• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстанда карантин чаралары катаалдашууда

22 Теке 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

23-июлдан тартып Казакстанда COVID-19 жуктурган учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу карантин чаралары катаалдаштырылды. Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгеринин токтому менен эл көп чогулган жерлерде беткап тагынып жүрүү сунушталды.

Токтомдо соода-көңүл ачуу борборлорунда, кинотеатрларда, калкты тейлөө борборлорунда, автобекеттерде, жабык базарларда, коомдук транспортто беткап тагынып жүрүү сунушталды. Беш жашка чейинки балдарга бул чектөөнүн тиешеси жок.

Мындан тышкары кош бойлуу аялдарга, COVID-19га каршы эмдөө алууга такыр болбой турган кишилерге жана вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорго аралыктан иштөө сунушталды. Катышуучусу 10 кишиден көп жыйындарды онлайн-форматта өткөрүү туура болот.

Ушул тапта Казакстандын борбору коронавирустун жайылуу ыргагы боюнча “сары” зонада турат. Калган шаарлар жана аймактар “жашыл” деп белгиленген.

Казакстанда күн сайын коронавирус жуктуруп алган 100дөн кем эмес учур катталууда.

Количество просмотров: 208