• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстанда кармалды деген депутаттын телефону өчүк, фракциялаштары билбейт

17 Бирдин айы 2018 10:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.02.2018.Govori.TV
Кыргызстан парламенттик фракциясы депутат Асылбек уулу Дамирбектин Казакстандагы атайын операция учурунда кармалгандыгы тууралуу билбейт. Бул тууралуу биздин агенттикке фракциянын катчылыгы кабарлады.
Ошондой эле депутат тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги дагы билбейт. Учурда ТИМ депутат Казакстанда кармалды деген маалыматты тактап жатышкандыгын билдирди.
Ал эми депутаттын уюлдук телефону эки күндөн бери өчүк, байланыша албай жатабыз.
Эске салсак, 15-16-февралда Казакстанда ири атайын операция өтүп 29 адам кармалган. Анын арасында эки кыргыз жараны бар экендиги жана бирөө Жогорку Кеңеш депутаты экени кабарланууда.
Количество просмотров: 30