• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Казакстанда кен компаниясынын юристинин өлүмү иликтенүүдө

24 Чын куран 2023 15:17 Бишкек Govori.TV

Казакстандын полициясы Караганды облусунун Шахтинск шаарында «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын юристинин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгоду.

54 жаштагы Ирина Емдин сөөгү беш кабаттуу үйдөгү батирден чыккан өрттү өчүрүү учурунда табылган. Ага бир нече жолу бычак сайылганы аныкталган. Өрт 23-апрелде чыккан. Батирде эмеректер жана башка буюмдар күйүп кеткен. Өрт эмнеден улам чыкканы айтыла элек.

Полиция департаменти күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымлады. Иш «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иликтенүүдө.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, маркум иштеген компания юрист 23-апрелде өлгөнүн ырастап, башка маалымат берген эмес.

Жергиликтүү журналисттер компаниянын юристинин өлтүрүлүшү анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүнбү деген суроону көтөрүштү. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары киши өлтүргөндөн кийин кылмышты жашыруу үчүн кимдир бирөө анын батирин өрттөөгө аракет кылган деп божомолдошууда.

Шахтинск шаарында «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын айрым шахталары жана көмөкчү ишканалары жайгашкан. Кенчилер шаарчасында 40 миңге жакын адам жашайт. Шахтинск облустун борбору Карагандыдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Количество просмотров: 37