• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда коронавирус жуктургандар 802 адамга жетти

10 Чын куран 202010:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-апрелде саат 09:00гө карата Казакстанда дагы 21 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Батыш Казакстан облусунда (2 адам), Мангистау облусунда (2 адам), Кызыл-Ордо облусунда (4 адам), Атырау облусунда (3 адам), Шымкент шаарында (4 адам), Акмола облусунда (1 адам), Караганда облусунда (4 адам) жана Нур-Султан шаарында (1 адам) катталды. Ошондой эле Алматы шаарында дагы бир бейтап каза болду. Жалпы коронавирустан 9 адам көз жумду.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 802 адамга жетти. Бейтаптардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларында.

Количество просмотров: 171