• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3551ге жетти

1 Бугу 2020 13:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-май саат 12:45ке карата Казакстанда дагы 47 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар Алматы (10), Чымкент (8) шаарларында, Мангистау (6), Жамбыл (4), Кызылорда (3), Караганда (2), Атырау (1), Павлодар (13) облусунда катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 3551 адамга жетти. Алардын ичинен Алматы шаарында 1140 учур, Нур-Султан шаарында 650 учур катталды.

Количество просмотров: 72