• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны дээрлик үч миңге жакындады

28 Чын куран 2020 17:20 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө 2982 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын, алардын ичинен 725и айыгып, 25 бейтап көз жумганын билдирди.

Казакстанда бүгүн, 28-апрелде 32 кишиден COVID-19 вирусу табылды.

Күн мурун казак бийлиги карантин режимин акырындык менен жумшарта турганын кабарлаган. Ага ылайык, Нур-Султан, Алматы, Чымкент шаарында жана башка аймактарда 1-майдан тартып айрым ишканалар, анын ичинде курулуш компаниялары жана банктар иштей баштайт.

Казакстанда 16-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылган.

Количество просмотров: 72