• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 1179га жетти

14 Чын куран 2020 18:18 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 1179га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы бир сутканын ичинде Алматы шаарында вирус жуктуруп алган 174 жаңы учур катталды. Алардын арасында 116 медицина кызматкери бар. Буга байланыштуу Алматыдагы ооруканаларда эпидемияга каршы иш-чаралар күчөтүлүп, бардык кызматкерлер текшерилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча коронавирустан 138 киши айыгып, 14 бейтап каза болду. Адам өмүрүн алган акыркы эки учур Нур-Султан жана Чымкент шаарларында катталды.

Количество просмотров: 161