Бүгүн, 17-апрелде саат 10:05ке карата Казакстанда дагы 68 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (44), Чымкент (1), Нур-Султан (2) шаарларында, Батыш Казакстан (4), Кызыл-Ордо (9), Караганда (3), Түркстан (2), Павлодар (2) жана Атырау (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1470 адамга жетти.