• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Казакстанда коронавирусту эки адам жуктуруп алгандыгы аныкталды

13 Жалган куран 2020 15:20 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коронавирусту эки адам жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алар Германиядан учуп келишкен, — деп жазат казак ЖМКлары.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргендей, эки киши тең коронавируска анализ тапшырган. Жыйынтыгында алар илдетти жуктуруп алгандыгы аныкталды. Маалым болгондой, алар менен чогуу бир учакта учуп келгендердин баардыгы карантинге алынган.

“Биз коронавирустун жайылышына каршы үч айдан бери алдын алуу иштерин жүргүзүп келдик. Бүгүн Германиядан келген эки жараныбызда коронавирус табылып, анализдери оң болуп чыкты”, — дейт Биртанов.

Биринчи бейтап 9-мартта, экинчиси – 12-мартта учуп келген.

“Биз алардын аты-жөнүн айта албайбыз. Бирөө эркек, бирөө аял”, — дейт министр.

Санитардык дарыгердин маалыматына ылайык, бейтаптардын саламаттыгы жакшы, баардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алар менен чогу келген баардык жүргүнчүлөр аныкталып, карантинге алынат.

Количество просмотров: 983