• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда куш тумоосу катталып, кээ бир аймактарда карантин киргизилди

17 Аяк оона 2020 17:11 Бишкек Govori.TV


Казакстандын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн түндүк облусунда куш тумоосу тарагандыгын жарыялады. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.

Маалыматка ылайык, Түндүк Казакстан облусунун жети районунда (Тимирязев, Тайиншинск, Жамбыл, Кызылжар, Шал акын, Габит Мусрепов атындагы, Магжан Жумабаев атындагы), 9-16-сентябрь аралыгында канаттуулардын ар кандай түрлөрү өлгөндүгү катталган. Түндүк Казакстан облусунун жети районунун он конушунда куш тумоосунан улам карантин киргизилген.

«Түндүк Казакстан облусунда жогорку патогендүү куш тумоосунун жайылышына каршы чаралар көрүлүүдө: вакциналар алынып келинет, аймактар ​​дезинфекцияланат, өлгөн жаныбарлардын денелери жок кылынат. Үй канаттууларын жана ага байланыштуу өнүмдөрдү экспорттоого тыюу салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 72