Казакстандын чегарасында гашиш менен кармалган Кыргызстандын башкы штабынын подполковнигине карата сот өкүмү чыкты деп жазып чыкты 24 kg сайты.
Маалыматта Кордай соту Үсөн Арстанбековду жарым жылга эркинен ажыратканы жазылган
Башкы штаб азырынча эч кандай официалдуу кагаз келе электигин билдирди.
Эске салсак, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн подполковниги 15-октябрда кыргыз-казак чегарасынан өтүп жатып кармалган.