• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Казакстанда кыйноого айыпталган 39 укук коргоо кызматкери жоопкерчиликке тартылууда

6 Кулжа 2023 15:09 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонгону үчүн» укук коргоо органдарынын 39 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын аракетинен 88 казакстандык жабыркаган.

«Жазаларды аткаруу кызматы менен полиция бөлүмдөрүндөгү 900 видеокамера иштебей турганы, 5 812 бөлмөгө видеокөзөмөл камералары таптакыр эле орнотулбаганы аныкталды. Буга байланыштуу жетекчилик кызматтарда иштеген 19 кызматкер тартип жазасына тартылды. Мындан тышкары аталган имараттарга кошумча 3 783 камера орнотулду», – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Быйыл февралда Казакстандын түрмөлөрүнө, полиция бөлүмдөрүнө жана бардык тергөө мекемелерине видеокөзөмөл системаларын орнотуу жана аларды пайдалануу эрежелери бекитилген. Анда кыйноолорго каршы чаралардын бири катары абактар менен полиция мекемелерине милдеттүү түрдө видеокөзөмөл камераларын оронотуу эрежеси кирген.

Казакстанда «Кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн беш жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок укук коргоочулар кыйноого байланышкан иштер сотко сейрек жетерин, күнөөлүүлөр көбүнчө жазасыз каларын билдирип келишет.

2022-жылдын башындагы Январь окуялары маалында миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адам кыйноого кабылганын билдирген. Бирок «жабырлануучулар кыйноого алган кызматкерлерди тааный алган жок» деген себептер менен бул боюнча козголгон кылмыш иштеринин көбү токтотулган.

Быйыл марттын аягында Башкы прокуратура Январь окуялары учурундагы кыйноолорго байланыштуу козголгон 11 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, укук коргоо органдарынын 35 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирген. Анда жалпысынан тогуз кызматкер эркинен ажыратылганы кабарланган.

Количество просмотров: 50