• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда өлгөн кыргызстандыктын апасынын Алматыга баруусуна уруксат берилди

12 Үчтүн айы 2022 11:09 Бишкек Govori.TV

Алматыдагы башаламандык учурунда каза болгон кыргызстандык Азиз Мусаевдин апасы С. Иманхожаева Казакстанга кирүүгө уруксат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Иманхожаевага казак тарап уруксат бергени кабарланды. Ал Алматыга 12-январда жөнөп кетет.

Ушул тапта Казакстандагы кандуу окуялардан эки кыргыз жараны кайтыш болгону белгилүү. Алардын бири Азиз Мусаев Алматыда фитнес-машыктыруучу болуп иштеген. Маркумдун туугандары казак тарап чек арадан өткөрбөй, сөөктү бербей жатканын билдиришкен.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов казак тарап курман болгон кыргызстандыктардын сөөгү тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин берилерин кабарлаган.

Количество просмотров: 79