• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда миң аял кымыз бышып, Гиннестин рекорддор китебине кирди

16 Аяк оона 201915:48 Бишкек Govori.TV

Казакстанда миң адам 10 миң литр кымыз бышып Гиннестин рекорддор китебине катталуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кымызды бышуу боюнча акция Караганды облусундагы Жаңы-Арканын 90 жылдыгын белгилөө учурунда болгон. Кымызды аялдар челекке куюп алып бышкан. Ал эми рекордду Гиннестин өкүлү Юделькис Диас каттаган. Диастын айтымында, бул рекорддун критерийи — кымыздын көлөмү менен аны бир учурда бышкан катышуучулардын саны болгон.

«Райондун жетекчилигине рекорд коюлганы туурасында расмий сертификат тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 116