• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда министрлер кабинетинин жаңы курамы белгилүү болду

7 Бирдин айы 2024 9:12 Бишкек Govori.TV

Казакстанда премьер-министр кызматына Олжас Бектенов дайындалгандан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен жаңы министрлер кабинети түзүлдү. Мамлекет башчынын тиешелүү жарлыгы Акордонун сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Роман Скляр премьер-министрдин биринчи орун басары кызматында калды. Мындан тышкары Мурат Нуртлеу (тышкы иштер министри кызматында калды), Галымжан Койшыбаев (өкмөттүн аппарат башчысы кызматында калды), Тамара Дүйсенова жана Серик Жумангарин да вице-премьер кызматтарын сактап калышты.

2023-жылдын июнь айынан бери Сырым Шарипханов иштеп келген өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Чингис Аринов дайындалды. Ал буга чейин мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Өлкөнүн жаңы саламаттык сактоо министри болуп медицина илимдеринин доктору Акмарал Алназарова дайындалды. Ал 2020-жылдын августунда Кызылордо облусунан парламент сенатынын депутаты болгон. 2015-2019-жылдары Кызылордо облустук саламаттык сактоо башкармалыгын жетектеген.

Ерулан Жамаубаевдин ордуна каржы министри болуп Мади Такиев дайындалды. 2023-жылы мартта ал «Аманат» партиясынын тизмеси боюнча мажилис депутат болуп шайланган. Ага чейин үч жыл президенттик администрациянын социалдык-экономикалык мониторинг бөлүмүн жетектеген.

Улуттук экономика министри жана вице-премьер министр кызматына Нурлан Байбазаров дайындалды. Ал 2022-жылдын январынан бери улуттук экономика министри болуп иштеп келген Алибек Куантыровдун ордуна келди.

Касым-Жомарт Токаевдин 6-февралдагы жарлыгы менен Олжас Бектенов президенттик администрациянын башчысы кызматынан алынып, өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп дайындалган.

Ага чейин Бектеновдун талапкерлигин өлкө парламентинин төмөнкү палатасы – мажилис колдогон. Президент өзү катышкан пленардык жыйында бийликтеги «Аманат» партиясы сунуштаган Бектеновдун талапкерлигин мажилистеги беш партиянын үчөө колдогон.

43 жаштагы Олжас Бектенов президенттик администрацияны жетектегенге чейин бир жылдай убакыт Казакстандын коррупцияга каршы агенттигин башкарган.

Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Казакстандын министрлер кабинетинин толук курамы:

  • тышкы иштер министри — Мурат Нуртлеу;
  • коргоо министри — Руслан Жаксылыков;
  • ички иштер министри — Ержан Саденов;
  • агартуу министри — Гани Бейсембаев;
  • илим жана билим берүү — Саясат Нурбек;
  • эмгек жана калкты социалдык коргоо министри — Светлана Жакупова;
  • юстиция министри — Азамат Ескараев;
  • энергетика министри — Алмасадам Саткалиев;
  • айыл чарба министри – Айдарбек Сапаров;
  • санариптештирүү жана аэрокосмикалык өнөр жай министри — Багдат Мусин;
  • экология жана жаратылыш ресурстары министри — Ерлан Нысанбаев;
  • суу ресурстары жана ирригация министри — Нуржан Нуржигитов;
  • маданият жана маалымат министри — Аида Балаева;
  • туризм жана спорт министри — Ермек Маржикпаев;
  • транспорт министри — Марат Карабаев;
  • өнөр жай жана курулуш министри — Канат Шарлапаев;
  • соода жана интеграция министри — Арман Шаккалиев.
Количество просмотров: 61