• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Казакстанда «Мобил сервис групп» ишканасынын жумушчулары иш таштады

13 Бирдин айы 2024 9:57 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «Мобил сервис групп» мунайсервис компаниясынын Маңгыстау облусундагы Каражанбас кенинде иштеген 100дөн ашык жумушчусу эки күндөн бери ишке чыгуудан баш тартууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, дөңгөлөктүү жана атайын техникалардын айдоочулары көз карандысыз кесиптик кошуун уюмунун 20 мүчөсүнүн иштен алынганына нааразылык билдирүүдө.

Өзүн Бекболат деп тааныштырган иш таштоонун катышуучусу ишке 11-февралда нөөмөтү башталган вахталык жумушчулар чыкпай жатканын айтты.

«Жумушту 11-февраль күнү эртең менен токтоттук. Учурда жүздөн ашык адам ишкананын аймагында нааразылык билдирүүдө», – деди ал.

Эки жыл мурда көз карандысыз кесиптик кошуун уюмун түзүп, ага мүчө болгон жумушчулар бийликке видеокайрылуу жасашты.

«Биздин талап — иштен алынган жумушчуларды кайтаруу. Азырынча жетекчилик менен сүйлөшүү жыйынтык бере элек. Биз талаптарыбыз аткарылмайынча иш таштоону токтотпойбуз», – деди видеодо сүйлөгөн жумушчулардын бири.

Алардын айтымында, жакында ишканадагы эмгек шарттарына байланышкан маселелерди көтөрүп жүргөн 20 жумушчу биринин артынан бири иштен алынган.

12-февраль күнү күндүз иштен алынган жумушчулар менен эс алуудагы нөөмөттүн кызматкерлери Маңгыстау облустук акимчилигинин алдына чогулушкан. Алар иштен алынган жумушчуларды кайра кайтарууну талап кылып, эмгек талашынын өздөрүнүн пайдасына чечилишине көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен өлкө премьер-министри Олжас Бектеновго кайрылышты.

Алар менен ишкананын директору Нурсагын Коркытов жолукту. Ал «Азаттыктын» кабарчысы менен сүйлөшкөндө кечээтен бери кенде жүргөнүн, 11-февралда болжол менен 50 жумушчу ишке чыкпаганын, калганы ишин улантып жатканын айтты.

«20 жумушчу түрдүү негиздер менен иштен алынган. Алардын айрымдарынын келишим мөөнөттөрү аяктаган. Эмгек инспекциясы текшерүү баштаган. Бизге 10 иш күндүн ичинде жооп беришерин билдиришти. Азыр сүйлөшүү процессиндебиз. Жумушчулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», – деди Коркытов.

Жумушчулардын айтымында, ишкананын жетекчилиги аларга иш орундарына кайтууну сунуштады. Азырынча иштен алынган 20 жумушчуну кайра кайтаруу маселеси боюнча тараптар бир пикирге келе элек.

«Мобил сервис групп» компаниясы Маңгыстау облусунун Түпкараган районундагы Каражанбас мунай кенин иштеткен «Каражанбасмунай» компаниясына транспорттук кызматтарды көрсөтөт. Ишканада бир маалда дароо 250дөн жумушчу иштеп турат. Өткөн жылы май айында алар көз карандысыз кесиптик кошуундун мүчөлөрү куугунтукталып жатканын билдиришкен. Алар компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырып, болбосо иш таштоого даяр экенин айтышкан.

Количество просмотров: 64