• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адылбек Касымалиев Казакстанга барды

13 Жетинин айы 202515:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барды. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.

Количество просмотров: 99