• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Казакстанда нааразылыктардан кийин мунайчылардын айлыктары көбөйдү

17 Тогуздун айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

«Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат» компаниясы менен айлыкты жогорулатууну талап кылып иш таштаган жумушчулар макулдашууга келишти. Бул тууралуу 16-октябрда жумушчулар өздөрү билдиришти.

Алардын айтымында, айлык акы жумушчулардын иш-тажрыйбасына жараша 25-50 пайызга жогорулады.

— Буга чейин колума 120 миң теңге (308 доллар) алчумун. Эгер октябрда 50 пайызга жогоруласа, анда 200 миң теңге (514 доллар) алып калам. Албетте баары кымбаттап жатканда 200 миң теңге көп деле акча эмес, бирок ушуга да рахмат, — деди жумушчулардын бири.

«Чыгыш-мунай жана сервистик кызмат» ишканасынын жумушчулары 11-октябрда кайрадан айлыкты жогорулатуу талабы менен акция өткөрүшкөн. Буга байланыштуу Бээжинден атайын делегация келип, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Аталган ишкананын башкы директору Чжан Баоцзюнь жумушчулардын айлыгы 25-50 пайызга жогорулаганын ырастады:

– Октябрдан тарта бургулоо адистеринин жардамчылары менен ширетүүчүлөргө 50 пайыз кошулду. Коллектор-лаборанттардыкы 40%, бургулоо орнотмосунун машинисттериники 30%, бургулоочулардыкы 30% көбөйдү. Жанажол, Кенкия жана Түндүк Трув кендериндеги бардык жумушчулар ишке чыгышты.

Актөбө облустук акимчилигинин маалыматына караганда, «Чыгыш-мунай жана сервистик кызматтын» акцияларынын 100 пайызы Xibu («Сибу») кытай корпорациясына таандык. Ишкана Актөбө облусундагы мунай кенин иштеткен казак-кытай биргелешкен «СНПС-Актобемунайгаз» компаниясынын буюртмаларын аткарат. Анда иштеген 1 200 жумушчунун 10 пайызын кытайлыктар түзөт.

Количество просмотров: 37