• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыулы кармалды

14 Жалган куран 202210:39 Бишкек Govori.TV

«Казактелеком» акционердик коомунун каражатын кымыруу жана кызмат абалын кыянат пайдалануу шеги менен Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу Кайрат Сатыбалдыулы кармалды. Бул тууралуу 13-мартта өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

«Кайрат Сатыбалдыулынын мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген башка кылмыштарга да тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

51 жаштагы Кайрат Сатыбалдыулы ээлик кылган Alatau Capital Invest компаниясынын «Казактелекомдо» үлүшү бар.

Сатыбалдыулы 2000-жылдары Астана (азыркы Нур-Султан) шаарынын акиминин орун басары, «KazakhOil» компаниясынын вице-президенти жана «Казакстан темир жолдору» компаниясынын биринчи вице-президенти кызматтарында иштеген. 2010-2015-жылдары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин «Нур Отан» партиясынын катчысы болуп, агасы кызматтан кеткенине карабай бийликтеги таасирин сактап калууга аракет кылган.2018-жылы Forbes журналы Сатыбалдыулын Казакстандагы эң таасирдүү 50 ишкердин тизмесине киргизген. Анда басылма анын байлыгын 163 миллион долларга баалаган.

Количество просмотров: 138