Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы – мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды.
Буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин – маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду.
Бүгүн, 19-январда Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулаган. Жаңы мыйзамга ылайык, мажилистин депутататтырынын 70% партиялык тизме менен, калганы 30% бир мандаттуу округдардан шайланат.