Казакстан Мажилисинин төрагасы, башкаруучу «Аманат» партиясынын башчысы Ерлан Кошанов өлкө президентине премьер-министрлик кызматка Олжас Бектеновдун талапкерлигин сунуштады.
Бул тууралуу расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.
«Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысы сунушталып жаткан талапкерди мажилистеги фракциялардын лидерлери менен талкуулайт», — деп айтылат Акорданын билдирүүсүндө.
Бүгүн мажилистин жалпы жыйынында Токаевдин катышуусунда өкмөт башчынын талапкерлиги каралат. Бектеновдун талапкерлиги жактырылса, өкмөттү түзүү иштери башталат.
Күн мурун Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган — премьер-министрдин милдетин аткаруу убактылуу түрө вице-премьер-министр Роман Склярга жүктөлгөн.
43 жаштагы Олжас Бектенов өткөн жылдын апрелинен бери президенттик аппаратты жетектеп келген. Ага чейин ал Казакстандын Коррупцияга каршы агенттигинин төрагасы болуп иштеген.