• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Казакстанда «QazVac» менен эмдөө башталды

26 Чын куран 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Казакстанда коронавируска каршы жергиликтүү «QazVac» вакцинасы үчүнчү клиникалык сыноодон өткөнгө чейин эле аны менен калкты эмдөөгө уруксат берилгени кабарланды.

Биринчилерден болуп, бул вакцина менен Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой эмделди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Бул вакцинаны иштеп чыккандар «QazVac» препараты адамга ортосунда 21 күн аралык менен эки жолу сайыла турганын нускамасында көрсөтүшкөн.

Буга чейин «QazVac» вакцинасынын жыйынтыктоочу клиникалык сыноосу быйыл 9-июлда аяктай турганы жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлигинин ырасташынча, бул клиникалык сыноолорго 3 миңден ашуун ыктыярчы катышкан.

Количество просмотров: 69