• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда саясий активист Ермек Нарымбай тергөө абагынан түрмөгө которулду

18 Бирдин айы 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

Февралдын башында Киевден учуп келери менен Алматы аэропортунда кармалган блогер жана саясий активист Ермек Нарымбай 17-февралда тергөө абагынан Алматы облусунун Заречный айылындагы түрмөгө которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Жанара Балгабаева билдирди.

Адвокаттын айтымында, Нарымбайга карата «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен 2016-жылы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери кайра башталган. Буга чейин активист өлкө аймагында болбогондуктан, тергөө иштери убактылуу токтоп турган.

Азыр ал иш боюнча тергөө кайра жанданды. Улуттук коопсуздук кызматынан тергөөчүлөр келди. Алар Нарымбайды суракка алышы керек. Ал Кордойго жеткирилип, чек арадан өткөн жерди көрсөтүп берсин деген маселе көтөрүлүп жатат», — деди адвокат.

Ермек Нарымбай 2010-жылдагы нааразылык акциялардан кийин төрт жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин эркиндикке чыккан. 2015-жылы күзүндө жарандык активист Серикжан Мамбеталин экөө социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында «Көчөдөн соккон жел» аттуу китептеги үзүндү менен бөлүшкөнү үчүн соттолгон. Нарымбай үч жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк эки активисттин кылганына өкүнүп жатканы жазылган каттары жарыяланган.

2016-жылы февралда Нарымбай үй камагына чыгарылып, мартта апелляциялык сот активисттердин камактагы мөөнөтүн эркиндигин чектөө жазасына алмаштырган. Нарымбай 2016-жылы тыюу салынганына карабастан Казакстандан чыгып кеткен.

Январь окуяларынан кийин активист социалдык түйүндөргө мекенине кайтып келе турганын жазган. Ал 6-февралда Киевден учуп келери менен 2016-жылдагы эркиндигин чектөө эрежесин бузганы үчүн кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 107