• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда сот депутаттын уулуна айып пул салды

10 Тогуздун айы 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

Казакстан мажилисинин депутаты Даулет Турлыхановдун уулу юрист жубайларды сабаганы үчүн сот жообуна тартылды.

Сот Нурасыл Болатты күнөөлүү деп таап, ага 500 минималдык эсептик көрсөткүч же 3,6 миң доллар өчөмүндө айып пул салды. Ошондой эле ал жабырлануучуларга эки миң доллардан ашык суммадагы материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга тийиш.

Жабырлануучу, адвокат Анна Чернова өкүмгө нааразы экенин жана жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди.

«Ал мас абалында эки адамдын ден соолугуна орточо залал келтирди. Уставды жана антты бузуп, аскер кызматын өтөөнүн ордуна шаарды кыдырып жүргөн. Күнөөсүн мойнуна алып өкүнүп койгон жок. Бирок айып пулга гана жыгылды, менимче бул аз», — деди Чернова.

Парламент мажилисинин уулу быйыл февраль айында юрист жубайлар Анна Чернова менен Олег Черновду ур-токмокко алууга шектелген. Кийинчерээк сот аны аскер башчынын буйругун аткарбаганы үчүн 15 суткага камакка алган.

Депутат Даулет Турлыханов окуяга комментарий берип жатып, уулун коргоп, «жигит кызга жолугуу үчүн кеткен» деп билдирген.

Бул депутат Турлыхановдун балдарына байланыштуу коомчулукка белгилүү болгон биринчи чатак эмес. Анын ортончу уулу көчөдө кызды түртүп жиберип, ал асфальтка кулап түшкөн учур тартылган видео соцтармактарга тараган. Депутат муну «өзүнө багытталган дагы бир маалыматтык чабуул» деп атаган.

Количество просмотров: 87