• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстанда сутка ичинде коронавирусту 1 миң 403 адам жуктурду

6 Теке 202012:04 Бишкек Govori.TV

Казакстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 1 миң 403 учур катталды. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, Нур-Султанда 95, Алматыда 113, Шымкентте 84, Акмолада 32, Актөбеде 32, Алматы облусунда 71, Атырауда 325, Чыгыш Казакстанда 96, Жамбылда 59, Батыш Казакстанда 103, Карагандада 81, Костанайда 17, Кызылордада 40, Маңгистауда 124, Павлодарда 53, Түндүк Казакстанда 17 жана Түркестанда 61 адам илдетке кабылды.

Казакстанда жалпы 48 миң 574 адам коронавирус жуктурган.

Количество просмотров: 129