• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда төртүнчү адам коронавирус жуктурду

14 Жалган куран 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Алматы шаарында коронавирус аныкталган дагы бир учур катталды. Бул бүгүнкү күндүн эсебинен төртүнчү адам экенин Sputnik Казакстан жазды.

Буга чейин Казакстанда үч адамдан коронавирус аныкталган.

Ооруну жуктуруп алган эки адам Германиядан Алматыга учуп келгендер болсо, үчүнчүсү Италиянын Милан шаарынан 12-мартта Нур-Султанга келген аял болгон.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Диас Ахматшариптин айтымында, коронавирус аныкталган төртүнчү адам 44 жаштагы эркек киши.

«Инфекцияны жуктуруп алган төртүнчү адам Германиядан келген. Ал дароо ооруканага жаткырылып, дарылана баштады», — деп билдирген Ахматшарип.

Количество просмотров: 329