• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Казакстанда тергөө абагында каза болгон активист жерге берилди

27 Бирдин айы 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Казакстандын башкалаасында тергөө абагында жатып каза болгон Дулат Агадил 27-февралда Астана шаарына жакын жерде өзү жашаган айылда жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатууга миңге жакын адам катышты. Андан сырткары колдоруна Агадилдин сүрөтүн кармаган 80дей киши Алматы шаарындагы Эркиндик аянтына чогулду. Алар маркум активисттин өлүмүнүн күнөөкөрлөрүн жазалоону бийликтен талап кылышты.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Казакстандын баш калаасы Нур-Султандагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда ал каза болуп калганы кабарланды. Полиция активисттин жүрөгү кармап калган болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок анын тарапташтары ал кыйноого кабылышы мүмкүн деп шектенишүүдө.

Буга байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти Агадилдин тергөө абагында көз жумганына тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллстин «биз активисттин өлүмүнүн себеби жакшылап иликтенип, окуяга укуктук баа берилишин күтөбүз. Казакстандын президенти Касым-Жомат Токаевдин саясий эркиндикти кеңейтүү тууралуу убадасы аткарылат деп үмүттөнөбүз» деген билдирүүсүн «Twitter» аркылуу жарыялады.

Казакстандын баш калаасында тергөө абагында каза болгон активист 43 жашта болчу. Ал адам укуктарынын корголушун, социалдык адилеттиктин камсыздалышын талап кылып келген.

Количество просмотров: 103