• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда «терроризмге» жана «башаламандыктарга» шектелип 464 киши камакка алынды

24 Үчтүн айы 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Казакстанда январь окуяларынан кийин козголгон 819 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу 22-январдагы брифингде өлкөнүн Башкы прокуратурасынын биринчи кызматынын жетекчи орун басары Элдос Килымжанов билдирди.

Анын айтымында, 45 иш «террордук актылар» боюнча тергелип жатса (өлкө бийлиги буга чейин «эл аралык террористтик топтордун кол салуулары» болгонун билдирген), 36 иш «массалык башаламандык», 15и адам өлтүрүү боюнча тергелүүдө. Мындан тышкары каракчылык, уурулук, курал-жарактарды уурдоо жана мамлекеттик кызматкерлерге зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча да кылмыш иштери ачылган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, кылмыш иштерине шектелип жалпысынан 970 киши кармалган. Алардын көпчүлүгү — 464ү «терроризм» жана «массалык башаламандык» беренелери боюнча, 220дан ашууну уурулук, 60ы куралды мыйзамсыз алып жүрүү жана сактоо, 40ка жакыны курал уурдоо, 25и бейбаштык, калганы талап-тоноо фактысына байланыштуу кармалган. Килымжанов бул сандар акыркы көрсөткүч эмес экенин, бир кылмыш иши боюнча бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын кошумчалады. Соттор камактагы 29 адамга карата камакта калтыруу баш коргоо чарасын тандоодон баш тартты.

Тергөө абактарын текшерүүдөн кийин «камакка негиз жок болгондуктан» 96 адам убактылуу кармоочу жайлардан чыгарылган. Буга чейин укук коргоочулар камактагылардын тагдыры тууралуу маалымат жоктугуна тынчсызданып, казак бийлигин колдо болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, мыйзамсыз кармалгандарды бошотууга жана адам укуктарын сактоого чакырышкан. «22-январда Башкы прокуратура тергөө абагына киргизилгендердин арасында денесинен жаракат алган 73 адам табылганын кабарлады. Алардын ичинен үчөөнүн бөгөт чарасы өзгөртүлдү, азыр алар камакта эмес», — деди Килымжанов. 13-январда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин нааразылык учурунда каза болгон жайкын тургундардын жана андан бери кармалган адамдардын санын ачык айтууга чакырган. Уюм ошондой эле журналисттерди жана активисттерди бошотууга үндөгөн.

Количество просмотров: 80