• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстанда ууланган мектеп окуучулары 460га жетти

9 Аяк оона 202414:06 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Мунайлин районундагы №8-мектепте окуучулардын массалык түрдө уулануусу 6-сентябрда болгон. Балдар ичи оооруганын, дене табы көтөрүлгөнүн айтышкан. Адегенде 58 бала тууралуу кеп болсо, андан кийин уулангандардын саны 300гө жеткен.

Ал эми 9-сентябрга карата маалымат боюнча, дарыгерлердин көзөмөлүндө 460 бала бар, алардын 83ү ооруканада жатышса, экөө реанимацияда.

Казак өкмөтү бардык балдарга медициналык жана психологиялык жардам берип жаткандыгын айтууда. Балдар ууланган жерде санитардык эпидемиологиялык экспертиза менен мониторингдин адистери иштеп жатышат.

Казак өкмөтүнүн башчысы Олжас Бектенов бир айдын ичинде өлкөдөгү бардык мектептердин санитардык эпидемиологиялык абалын текшерип чыгууга буйрук берди.

Количество просмотров: 174