• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда январь окуяларына байланыштуу 18 чет өлкөлүк кармалды

23 Бирдин айы 2022 10:55 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 18 чет өлкөлүк жаран Январь окуяларына катышкан деп шектелүүдө. Бул тууралуу «Хабар 24» мамлекеттик телеканалы Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимовага шилтеме кылып кабарлады.

Азимованын айтымында, бүгүнкү күндө жыл башындагы окуяларга катышкан деп шектелген Өзбекстандын 14, Орусия менен Кыргызстандын экиден жараны камакта отурат.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын тергөөнүн алкагында эки чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирген. Анда мекеме кармалгандардын кайсыл өлкөнүн жарандары экенин так айткан эмес.

21-февралдагы брифингде Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов Январь окуялары боюнча 107 иш айыптоо корутундусу менен иликтенип бүтүп, 52 адам соттолгонун айткан.

Кыргызстан окуя учурунда кармалган алты жаранын дипломатиялык жол менен бошотуп келген. Анын ичинде казак жергесинде кармалып, кийин бошотулган Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынышы боюнча Бишкекте кылмыш иши козголгон. Руслан Иманкулов жана Талгат Темиркан уулу деген жарандар Таразда кармалып жатканы маалым.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат.

Количество просмотров: 75