Актөбө облусунун куткаруучулары 13-мартка караган түнү жолдо бузулуп калган автобустан 63 кишини эвакуациялады. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эвакуацияланган Өзбекстан жарандары Айтекеби районундагы мектепке жайгаштырылды.
Марттын башынан бери Актөбө облусунда кар күрткүдө калган 106 өзбек жараны куткарылды.
Быйыл январда ушул эле аймакта эки жүргүнчү автобусу жолдо калып, өзбек жана тажик жарандары эвакуацияланган. Алар убактылуу мектепке жана мечитке жайгаштырылган. Өзбекстандын Транспорт министрлиги жүргүнчүлөр кийин өз жолун улаганын маалымдаган.
Жыл сайын Казакстандын кан жолдорунда жайгашкан мектептер менен мечиттер жүргүнчүлөр тыным алып, жылына турган жайга айланат. Быйыл трассаларда 114 жылынуу жайы камдалган.