• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Казакстанда журналист сабалды

20 Теке 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

19-июлда Атырау шаарында “Дорожный контроль” маалымат порталынын кызматкери Олеся Вертинскаяны үйүнүн тушунан сабап кетишти. Бул тууралуу “Адил сөз” уюму билдирди.

Вертинскаянын айтымында, ал үйүнөн чыкканда бейтааныш жигит жардам сурап, андан соң жаакка чаап жиберген. Олеся кулап калгандан кийин кол салган бала аны тепкилей баштаган. Ошол маалда өтүп бараткан киши арачага түшүп, аялды куткарып калган. Жабырлануучунун мурду сынган. Олеся Вертинская полицияга арыз менен кайрылган.

Кол салуудан бир нече күн мурун, 16-июлда Олесяга белгисиз номерден чалышып, кайсы бир ишкер менен этият болууну эскертишкен . Ошол эле күнү ал прокуратурага арыз жазган.

Вертинскаяга кол салуу фактысы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Олеся Вертинская Атырау облусунда Январь окуяларын чагылдырган. 7-январда полициячылар аны суракка алып кетишип, психологиялык басым көрсөтүшкөнү кабарланган.

Количество просмотров: 109