• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстанда Жусуп Абдрахмановдун айкели орнотулат

7 Жетинин айы 2018 21:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.11.2018.Govori.TV

Казакстанда саясый жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстелигин орнотуу сунушталды. Бул тууралуу «Главкор.инфо« сайтына жарыяланды. Анда Актөбө областынын акими Бердибек Сапарбаевге Турарбек Кусаиновдун сунуш каты жарыяланган.

Такталган тарыхый маалыматтарга караганда Сталин башында турган 1936-1938 жылдары 110 миӊден ашуун казактар репрессияга туш болуп, 25 миӊден ашууну атылгандыгы айтылат.

Бул учурда республиканы Левон Мирзоян башкарып турган. Ошондуктан аймактагы Л. Мирзояндын статуясын алып, анын ордуна 1030-жылдары боордош казак бир туугандарга колдоо көрсөткөн кыргыз элинин сыймыктуу уулу Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузууну сунуштаган.

Анын пикиринде Жусуп Абдрахмановго Казакстандын ар бир облусунда эстелик койсо жарашат.

Количество просмотров: 37