Социалдык тармактарда Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелигинин туманда тартылган сүрөтү тарап, кызуу талкууланып жатат.
Соцтармак колдонуучулары коюу тумандын курчоосунда турган эстеликтин сүрөтү атмосфералык гана сүрөт болбогонун, ал Манас тарыхтын тереңинен чыгып келе жаткандай элес калтыранын жазышууда. Айрымдар Манас эпосундагы айрым саптарды да эске салышты.


