Казакстандагы баш аламандыктардын кесепетинен каза тапкандардын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу «ORDA» басылмасы Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалым болгондой, 748 адам ар кандай жаракат алган. 2—январдан тарта уланып жаткан нааразычылык акциялары учурунда жалпы 2298 адам кармалды.
Бүгүнкү күнлө өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режими кирген.