• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстандагы Книжевский суу сактагычынын плотинасы «жырылды»

22 Жетинин айы 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрилиги (ӨКМ) Алматы облусундагы Книжевский суу сактагычынын плотинасы «жырылганын» билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя жекшемби күнү кечинде полтинанын Жамбыл районундагы Мынбаев айылынан алыс эмес жердеги тилкесинде болгон.

ӨКМдин расмий өкүлү Талгат Уали плотинадан чыккан суу турак жайларга зыян келтирбегенин, эч ким жабыркабаганын билдирди. Анын айтымында, суу Мынбаев — Касымбек автоунаа жолун каптаган.

«Агып чыгып жаткан суунун көлөмү азаюуда. Аны Каргалы дарыясын бойлото агызып өтүү иштери жүрүп жатат. Учурда калктуу конуштарга каптоо коркунучу жок», — деди ӨКМдин өкүлү.

«Sputnik Казакстан» агенттиги суудан Каргалы дарыясынын жэээгинде жайгашкан жолбун жаныбарлардын «Белый бим» аттуу башкалка жайы зыянга учураганын кабарлады. Андагы жаныбарлар жабыркаган эмес, волонтерлор менен куткаруучулар аларды коопсуз жайга жеткиришкен.

ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 4,47 миллион куб метр суу бата турган суу сактагыч 50% толгон. Жырылган жеринин кеңдиги 5-6 метрди түзүп, андан болжол менен секундасына 30 куб метрге жакын суу агып чыгууда.

Количество просмотров: 4939