• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстандагы McDonald’s ресторандары убактылуу жабылды

1 Бештин айы 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы McDonald’s ресторандары убактылуу жабылды. Reuters агенттиги өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, буга орусиялык компаниялар менен байланыштын үзүлгөнү себеп болду.

McDonald’s акыркы алты жылдан бери Казакстандагы тез тамактануучу жайлардын базарында алдыңкылардын бири болуп келген. Компания айрым товарларды, анын ичинде уйдун эти менен тооктун этин сырттан сатып алчу. Акыркы маалда бул азыктарды орусиялык «Мираторг» компаниясы жеткирбей калган.

McDonald’s франшизасынын Казакстандагы лицензиясына ээлик кылган Food Solutions фирмасы белгилүү бизнесмен Кайрат Боранбаевге таандык. Ал Орусия Украинага кол салгандан кийин башка өлкөдөн жеткирүүчүлөрдү издөөгө аракет кылганы жана орус базарына көз карандылыктан арылганы маалымдалган.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев өзү мамлекеттик каражатты мыйзамсыз коротууга айыпталып камалган. Казакстандын бийлиги McDonald’s ресторандарынын токтотулушу бизнесмендин кылмыш ишине тиешеси жок экенин билдирүүдө.

Количество просмотров: 57