• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Казакстандагы жол кырсыгында Өзбекстандын 8 жараны каза болду

4 Чын куран 2024 17:15 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 3-апрелде катталган жол кырсыгында Өзбекстандын сегиз жараны каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык «Самара – Чымкент» автожолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө (678-чакырымында) катталган. Өзбек жарандары бараткан Toyota-Аlhpard автоунаасы Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил машинедеги сегиз өзбекстандыктын баары (1 айдоочу жана 7 жүргүнчүсү) кырсык болгон жерде мүрт кетишкен.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, трассада бараткан жүк унаасынын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен.

Учурда жол кырсыгы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, ал каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана жерге берүү иштерин уюштуруу менен алектенери кабарланды.

Количество просмотров: 116