• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бостериде жол кырсыгынан бир адам каза болду

3 Теке 202410:59 Бишкек Govori.TV

Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолундагы Бостери айылында 2-июлда эртең мененки саат 07:10до “Мерседе-Бенц” жана “Киа К7” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Киа К7” унаасындагы эки адам жабыркаган.

Ошондой эле “Мерседе-Бенц” унаасынын айдоочусу жабыркап, жүргүнчүсү жеринде каза болгон.

Количество просмотров: 158