• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандын бийлиги 7-9-май күндөрү аскердик парад өткөрүүдөн баш тартты

14 Чын куран 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Казакстандын бийлиги быйыл 7-майда Мекенди коргоочулардын күнүнө жана 9-майда Жеңиш күнүнө арналган аскердик параддарды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

«2022-жылы Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнүн 30 жылдыгы жана 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына аскердик парад уюштуруу пландалган жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Ошол эле маалда бул майрамдарга карата өлкөдө 50 чакты «аскердик-патриоттук иш-чара» өткөрүлөт.

Казак бийлиги 2020-жылы жана былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык абалдан улам парад өткөргөн эмес

Өткөн жылы президенттин ошол кездеги басма сөз өкүлү Берик Уали Жеңиш күнүнө арналган салтанаттар 2022-жылы өтөрүн билдирген.

Количество просмотров: 157