• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Казакстандын борборунда катуу бороон болду

23 Жалган куран 202117:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-мартта Нур-Султан шаарында катуу бороон болду. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» жазды.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы кайрадан -7 градуска чейин төмөндөп, калың кардан жана катуу шамалдан калаада көрүү мүмкүнчүлүгү азайып, шашылыш билдирүү жарыяланган.

Синоптиктер шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткенин билдиришти. Казгидромет шаардыктарга катуу муз жөнүндө эскерткен.

Количество просмотров: 273