Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, президент өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Анда ошондой эле Роман Скляр жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу болот деп айтылат. Ал 2022-жылдын январынан тарта Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары болгон.