• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстандын мектептери беш күндүк окуу форматына өтөт

19 Баш оона 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетов кийинки жылдан тарта өлкөдөгү дээрлик бардык мектептер беш күндүк окуу форматына өтүшү керек экенин билдирди.

«Мугалимдер ишемби күндөрү эс алып, өз балдары менен болушу керек деп эсептейбиз. Бул мектеп директорлоруна, орун басарларына, мугалимдерге жана андагы бардык жумушчуларга тиешелүү», – деди Аймагамбетов педагогдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып.

Министр беш күндүк окуу форматына өтүү – мугалимдердин эмгек өргүүсүнүн узактыгына таасир этпей турганын, ал азыркыдай эле 56 күн деп сакталып каларын белгиледи.

Апта башында Казакстандын Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынан тарта казак тилдүү мектептердеги 1-класстын окуучулары мурдагыдай дароо үч тилди эмес, казак тилин гана окуй турганын билдирген. Орус тилдүү мектептерде 1-класста мамлекеттик жана орус тили окутулат. Англис тили бардык мектептерге 3-класстан тарта кирет.

Казакстандын өкмөтү 16-августта министрликтин бул чечимин колдогон.

Количество просмотров: 149