Онлайн режими болбойт: муниципалдык мектептердеги кырдаал боюнча кошумча маалыматты мэриянын басма-сөз кызматы таратты.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар тууралуу коркутуулар менен видео тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес.
Тизмеге кирген бардык мектептер текшерилип, эч кандай шектүү объектилер жана коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайлар аныкталган жок.
Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантууда.
Буга байланыштуу муниципалдык мектептердин оффлайн режиминде иштөө чечими кабыл алынды.