• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Казакстандын мурдагы коргоо министринин камактагы мөөнөтү узартылды

31 Бугу 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы министри Мурат Бектановдун камактагы мөөнөтү 20-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу Алматы сотунун маалымат кызматы билдирди.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 19-февралдан бери Бектановго карата Кылмыш кодексинин “Уруш учурунда бийлигин ашыра пайдалануу” беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирген. Мыйзамда бул берене боюнча 7ден 15 жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфисакциялоо, айрым кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган.

Президент Касым-Жомарт Токаев январь окуялары учурунда Куралдуу күчтөр “ишенимсиз жана демилгесиз жетекчинин айынан алдына койгон максатты ар-намыстуулук менен аткара албаганын” билдирген.

56 жаштагы Мурат Бектанов 20-февралда кармалган. Ал коргоо министри кызматына 2021-жылы август айында дайындалган.

Количество просмотров: 76