• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстандын мурдагы маданият министринин камактагы мөөнөтү узартылды

23 Жетинин айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Астананын райондор аралык тергөө соту Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу 22-ноябрда жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Мухамедиулы быйыл май айында Улуттук музейдин башчысы кызматында иштеп жатканда кармалган. Анда өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы музейдин кызмат адамдарына карата сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдап, мекеменин жетекчилиги «Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдыруусу» деп аталган эл аралык көргөзмөгө даярдык көрүүнүн алкагында 146 миллион теңге (335 миң доллар) бюджеттик каражатты кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.

Арыстанбек Мухамедиулы Казакстандын Маданият жана спорт министрлигин 2014-жылдын августунан 2019-жылдын июнуна чейин башкарган.

Количество просмотров: 60