• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

25 Баш оона 202215:31 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.

Количество просмотров: 142