• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келет

8 Чын куран 202417:21 Бишкек Govori.TV

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов 9-апрелде иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жолугушуу өтөт.

Белгилей кетсек, бул Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун Кыргызстанга алгачкы сапары.

Количество просмотров: 137