Түндүк Казакстан облусунун бир катар райондорунда 18-май күнү чаңдуу бороон болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Казгидрометтин маалыматы боюнча, чаңдуу бороон аймакта көп убакыт жаан жаабай кургак болуп, температура кескин өзгөрүп кеткенде башталат.
Социалдык тармактын колдонуучулары бороон учурунда тартылган видеолорду жайгаштырышты.