• Жекшемби 3 Куран 2022
  • Воскресенье 3 Июль 2022

Казакстандын соода министри кумшекердин баасы өсө берерин айтты

24 июня 2022 в 9:14 Бишкек Govori.TV

Казакстандын соода министри Бахыт Султанов 23-июнда өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тыштан келген канттын баасы өсө берерин айтты.

— Импорттон көз каранды азык-түлүктүн көбү, маселен, канттын баасы, кааласак да, каалабасак да өсө берет. Анткени дүйнөлүк биржада баа жогорулап жатат, негизги өнүм өндүргөн өлкөлөрдүн корундагы канттын баасы да кымбаттоодо. Биз кумшекер алган өлкөлөрдүн бири болгон Орусия чектөө киргизди, албетте, бул да өз таасирин тийгизет. Дүйнө жүзүндө логистика чыгымы көбөйүүдө, доллар көтөрүлүүдө, евро көтөрүлүүдө, — деди министр Султанов.

Соода министрлигинин маалыматына караганда, Казакстан башка мамлекеттерден – Бразилия, Индия жана Вьетнамдан 100 миң тонна кумшекер сураган, ушул тапта өлкөдө 350 миң тонна кант бар.

Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам Казакстанда кумшекер баасы кыйла жогорулады.

Количество просмотров: 406